"Майлы-Суу" лампа заводунун ишин жандантууга бюджеттен 1 млрд. сом бөлүндү

Өкмөт жарык берүү тармагын өнүктүрүү максатында колдоо көрсөтүп жатканы белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Жалал-Абад облусундагы "Майлы-Суу" лампа заводуна бир миллиард сом өлчөмүндө бюджеттик ссуда бөлүндү. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, каражат "Риббон" айнек эритүүчү мешин реконструкциялоого жана модернизациялоого, айнек идиштерди өндүрүү үчүн жабдууларды сатып алууга жумшалат. Учурда эки транш менен 400 миллион сом которулганы маалым болду.
Муну менен министрлер кабинети шаар түзүүчү ишканага мамлекеттик колдоо көрсөтүү, жарык берүү тармагын өнүктүрүү, ошондой эле Майлы-Суу шаарынын социалдык-экономикалык абалын жакшыртууну көздөп жатат.
Мындан сырткары, президенттин жарлыгынын долбоору демилгеленип, администрациясынын кароосуна жөнөтүлгөнү белгиленди.
Анда төмөнкүлөр камтылган:
заводду электр энергиясы менен камсыздоо үчүн Майлы-Суу дарыясына кубаттуулугу 8,5-9 мегаваттка чейинки чакан ГЭС куруу;
жаратылыш газынын баасын төмөндөтүү жана "Кыргыз нефтегаз" ишканасы менен узак мөөнөттүү келишим түзүү;
жөнөкөйлөтүлгөн формада республикалык бюджеттен кошумча нарк салыгынын ордун толтуруу;
ички рынокту багындыруу жана өздөштүрүү максатында өлкөнүн шаарларында соода кеңселерин ачуу;
2023-2028-жылдарга заводду өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгуу.
Белгилей кетсек, быйыл "Майлы-Суу" лампа заводу банкрот болуп, бардык үлүшү мамлекеттин менчигине өткөнү маалым болгон.
Садыр Жапаров темир жолдун жана шпала чыгарчу заводдун курулушун көрдү