Кыргыз сүрөтчүлөрүнүн эмгектери Казакстандын улуттук музейине коюлду. Сүрөт

Көргөзмөнү 10-ноябрга чейин калтырууну сунуштап жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Казакстандын Астана шаарындагы улуттук музейинде кыргыз сүрөтчүлөрүнүн көргөзмөсү ачылып, келген меймандардын көз жоосун алууда. Бул туурасында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
1 / 3

Казакстандын Астана шаарындагы улуттук музейинде кыргыз сүрөтчүлөрүнүн көргөзмөсү ачылып, келген меймандардын көз жоосун алууда

2 / 3

Көргөзмөнү КР сүрөтчүсү Таалайбек Усубалиев жана Казакстан улуттук музейинин директорунун милдетин аткаруучу Айбек Садыков ачкан

3 / 3

Жалпысынан кыргызстандык сүрөтчүлөрдүн 50дөн ашык эмгектери коюлган

Көргөзмөнү КР сүрөтчүсү Таалайбек Усубалиев жана Казакстан улуттук музейинин директорунун милдетин аткаруучу Айбек Садыков ачкан. Жалпысынан кыргызстандык сүрөтчүлөрдүн 50дөн ашык эмгектери коюлган.
Учурда музей жетекчилиги көргөзмөнү 10-ноябрга чейин калтырууну сунуштап жатканы белгиленди. Мындай демилгеге кызыгып келген жарандардын көп болгону себеп болгон.
КМШ өлкөлөрүнүн жаштарынын XVII Дельфи оюндарынын өтүүдө
Бишкекте Дельфи оюндары башталды. Сүрөт