Радио

Камчыбеков: быйыл кышта көмүр тартыштыгы жаралышы мүмкүн

Тоо-кен өндүрүүчүлөр жана геологдор ассоциациясынын төрагасы, техникалык илимдердин доктору, академик Дүйшөнбек Камчыбеков жергиликтүү көмүр өндүрүүчүлөрдү колдоо менен өлкө көмүр импортуна болгон көз карандылыктан чыга аларын айтты.
Sputnik
Быйыл Кыргызстандын керектөөсү 3,3 миллион тонна көмүр болсо, тогуз айдын жыйынтыгында анын 2,2 миллион тоннасы гана казылып алынганы айтылды. Эгер кыш катуу болсо көмүр тартыштыгы жаралышы мүмкүн. Бул тууралуу Дүйшөнбек Камчыбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, быйыл Бишкек ТЭЦине 1,8 миллион тонна көмүр керектелет.
"Жалпысынан 3,3 миллион тонна бир жылдык керектөө болсо тогуз айдын жыйынтыгы менен анын 2,2 миллион тоннасы гана казылган. Анын 1 миллиону түндүк региондордо, 1,2 миллион тоннасы түштүк аймакта. Быйылкы керектөөнү жабуу максатында министрлер кабинети 400 миң тонна көмүрдү тендери жок Казакстандан сатып алууну көздөп жатат. Бул, албетте, сатуучу тарап өзү каалагандай тартип, эреже, наркта берет дегенди түшүндүрөт. Эгер биз азыр 400 миң тонна көмүрдүн бир тоннасын 100 доллардан эле ала турган болсок, 40 миллион доллар короткону турабыз. Бул акчанын жарымын, жок дегенде 10 миллионун жаздан баштап эле бөлүп, жергиликтүү көмүр казуучуларды колдоого жумшасак болмок. Мисалы, Кабак көмүр бассейнинде учурда 23 жеке ишкана көмүр казып келет. Алар "Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасы менен консорциум түзүп, быйыл Бишкек ТЭЦин 1 миллион 50 тонна көмүр менен камсыздоого милдеттендирилген. Мына ушундай аракеттер эртелеп жасалып, жергиликтүү көмүр өндүрүүчүлөрдү колдосок мамлекет импортко болгон көз карандылыктан чыгат эле",— деди Камчыбеков.
Адис өлкөдө көмүр запасы мол экенин, мисалга Кара-Кечеде эле 191 миллион тонна көмүр жатканын кошумчалады.