КМШнын атайын кызматтары бейөкмөт уюмдарга каршы биргелешип күрөшмөй болду

Жыйынга сегиз мамлекеттин коопсуздук органдарынын жетекчилери катышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. КМШ өлкөлөрүнүн атайын кызматтары бейөкмөт жана эл аралык уюмдардын аракеттерине биргелешип каршы күрөшүүнү макулдашты. Бул тууралуу Россиянын Федералдык коопсуздук кызматы билдирген.
Маалым болгондой, атайын кызматтардын жетекчилери кечээ, 26-октябрда, Москвада жолугуп, КМШ өлкөлөрүнүн маалымат чөйрөсүнө келтирилип жаткан коркунучтарды, аймакта кырдаалды курчутуу үчүн ар кандай инструменттерди колдонуп жаткан бейөкмөт, эл аралык уюмдардын ишмердүүлүгүн талкуулашкан.
Жыйынга Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандын коопсуздук органдарынын жетекчилери катышканы айтылды.
Путин КМШ алкагындагы кооптуулуктар туурасында айтты