БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. АКШнын президенти Жозеф Байден Украинаны колдоо боюнча коалициянын биримдигин сактай албай көйгөйгө тушукту. Бул туурасында Ак үйдүн журналисти Питер Бейкер билдиргенин The New York Times жазды.
"Штаттарда шайлоолор жакындагандыктан Батыш өлкөлөрүнүн биримдиги ыдыроо алдында турат, Вашингтондун Украина боюнча саясатынын тагдыры анын жыйынтыгына байланыштуу. Европалыктар кыштын суугуна кабылуу алдында калды", — деген макаланын автору.
Анын айтымына караганда, 30 конгрессмен-демократтын чатакты токтотуу үчүн Ак үйдү Москва менен сүйлөшүүгө чакырган каты АКШнын ичиндеги маани бере турган ажырымдан кабарлайт.
"Кат чакыртып алынса да ал америкалык салык төлөөчүлөрдүн эсебинен Киевди сегиз ай каржылоодон чарчап бүткөндүктү көрсөтөт", — деген журналист.
Автор Эл өкүлдөр палатасындагы республикалык азчылыктын лидери Кевин Маккарти шайлоодо республикачылар жеңсе, Украинага берилип жаткан жардам кыскара турганын айтты.
"Кийинки бир нече жума Байден үчүн чечүүчү мезгил болот, бир нече сурамжылоо америкалыктардын бул согуштан чарчагандыгын көрсөтүүдө", — деп эскерткен Бейкер.
Ал океандын ары жагында абал улам чыңалып бара жаткандыгын белгилеген.