Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Европада Киевдин кечирилгис катасы аталды

АКШдан Украинага жөнөтүлүп жаткан курал-жарак. Архив
Украина карызынан ишканалары менен кутулууга аргасыз болуп калышы ыктымал.
Sputnik
БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Киев бийлигинин Батыштан алган насыясын Украинанын бир нече мууну төлөйт. Мындай макала Испаниянын Rebelión басылмасына жарык көргөнүн РИА Новости жазды.
"НАТО мамлекеттери Украинага курал-жарактын ири партиясын жеткирип, миллиарддаган насыяларды берүүдө. Эми Киев мунун баарын пайызы менен төлөйт. Бул акчадан кутулуу милдети Украинанын бир нече муунуна жүктөлмөкчү", — деп жазылат макалада.
Басылма буга чейинки насыяларын жабыш үчүн Украина кайра карыз алууга мажбур болорун айтып, карыз улам өсө берерин, ал эми мамлекеттин социалдык жоопкерчилиги төмөндөй турганын кошумчалаган.
"Жыйынтыгында Украина карыздан кутулуу үчүн өз ишканаларын Батышка ит бекер берип калышы ыктымал. Киев бийлиги Вашингтон менен Брюсселдин Москвага каршы буйругун аткаруу кечирилгис ката болгонун акыры түшүнүшү керек", — деп жазылган макалада.
Буга чейин Украинанын премьер-министри Денис Шмыгаль 2023-жылы Киевге 55 миллиард доллар керек болорун маалымдаган.
Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков. Архив
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Песков: Батыш Киевдин ыплас чагымчылыгына ишенсе-койсо өзү билет