Радио

Мамырова: кесиптик лицейди бүткөндөрдү ЖОЖдун II курсуна киргизүү сунушталууда

Билим берүү жана илим министрлигинин баштапкы билим берүү башкармалыгынын башчысы Гүлнура Мамырова башталгыч кесиптик лицейлерге онлайн кабыл алуу жөнгө салынганын белгиледи.
Sputnik
Кесиптик лицейдин бүтүрүүчүлөрүн ЖОЖдун экинчи курсуна киргизүү сунушталууда. Бул тууралуу Гүлнура Мамырова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, мындай сунуш "Билим берүү жөнүндө" мыйзам долбоорунда жазылган.
"Өлкөнүн өнүгүүсүнө эбегейсиз салым кошкон тармак — өндүрүш. Кадр даярдоодо Билим берүү министрлигинин, анын ичинде башталгыч кесиптик системасынын ролу абдан маанилүү. Ошондуктан быйыл алгачкы жолу онлайн кабыл алуу болду. План боюнча 18 миң болсо, 17 миң окуучу кабыл алынды. IT тармагына, ширетүүчү, автослесарь, жеңил жана тамак-аш өнөр жайына суроо-талап күч болду. Өлкөдө жалпы 100 кесиптик лицей бар, анын алтоо жаза өтөөчү жайларда жайгашкан. Негизинен 150 кесипке даярдоого мүмкүнчүлүк бар. Анын ичинен 45 кесипке кызыгуу күч. Ошондой эле кыска мөөнөттүү курстарга окутуу да жолго салынган. Кесиптик лицейдин бүтүрүүчүлөрү 70 пайызга чейин иш менен камсыз болот. Аларга эмгек рыногунда муктаждык күч. Учурда билим берүү боюнча жаңы мыйзам долбоору сунашталууда. Анын башталгыч кесиптик билим берүү боюнча беренелеринде профилдери туура келсе бүтүрүүчүлөргө ЖОЖдо экинчи курстан баштап окууга шарт түзүлүп жатат. Ал эми кесиптик лицейде окуунун айрым багыттары үч жылдан эки жылга кыскартылууда", — деди Мамырова.
Ошондой эле ал иш берүүчүлөр менен практикалык сабактарды өтүү боюнча макулдашуулар жүрүп жатканын кошумчалады.