АКШ мамкатчысы: кансыз согуштан кийинки доор соңуна чыкты

Аткаминер Россияны жеңилүүгө дуушар кылып, Кытай менен теңтайлашуу үчүн аракеттер жүрүп жатканын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен кансыз согуштан кийинки доор соңуна чыгып, жаңы дүйнө түзүлүшүн аныктоо үчүн атаандаштык курчуганын билдирди. Бул тууралуу ал Вашингтондо Блумберг конференциясында айтканын РИА Новости жазды.
"Азыр кансыз согуштан кийинки доор аяктап, мындан ары эмне болорун аныктоо үчүн курч атаандаштык жүрүп жатат", — деди Блинкен.
Анын айтымында, келечекти аныктоодо башкы орунду ээлөө үчүн АКШнын бардык мүмкүнчүлүгү бар. Мамлекеттик катчы негизинен АКШнын башка мамлекеттер менен Россиянын "стратегиялык жеңилиши" үчүн Украинаны колдоо жаатындагы биргелешкен аракеттерине жана Кытай менен теңтайлашуу үчүн көп кырдуу кызматташтыкка басым жасаган.
"Эгер АКШ жаңы дүйнө түзүлүшүн түптөө процессинен четтеп кала турган болсо, муну башка бирөө жасайт. Биздин кызыкчылыктарыбызга, баалуулуктарыбызга доо кетиши мүмкүн. Же эч ким эч кандай аракет көрбөйт да, боштук пайда болот. Адатта мындай вакуум терс көрүнүштөр менен толтурулат", — деди Блинкен.
РФ ТИМи: АКШ Афганистан менен чектешкен аймактарга бүлгүн салуу аракетинде