Кар жаайбы? Дем алышка карата аба ырайы

Апта аягында абанын температурасы адаттагыдан төмөн болушу ыктымал.
Sputnik
БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Кыргызгидромет дем алыш күндөрү аба ырайы кандай болорун алдын ала алынган маалыматтарга таянып билдирди.
Ага ылайык, жекшембиде өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жамгыр жаашы ыктымал. Бишкекте ишембиде жаан-чачын күтүлбөйт. 30-октябрда күндүн көзү бузулуп, жаан жаап, абанын температурасы ылдыйлап, +9...+11 градусту көрсөтөт.

Чүй, Талас облустары

Чүй жана Талас облустарында 29-30-октябрда күндүз жамгыр жаай турганы айтылды. Түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы Чүйдө ылдыйлап, +6...+11 градус, Таласта +9...+11 градусту көрсөтөт.

Ош, Баткен, Жалал-Абад облустары

Апта аягы түштүк аймактарда да жаанчыл болушу ыктымал. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында 29-октябрда тоо этектеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрдө жамгыр жаабайт. 30-октябрда күндүз бардык жерде жамгыр жаай турганы айтылды. Абанын температурасы үч облуста тең +9...+14 градустун тегерегинде болот.

Нарын, Ысык-Көл облустары

Нарын жана Ысык-Көл облустарында да жамгыр жаашы күтүлүүдө. Тоолуу жерлерине кар жаап, абанын температурасы түнкүсүн 0...+5 градуска чейин төмөндөйт. Күндүз Ысык-Көлдө +10...+15 градус болсо, Нарында +8...+13 градуска жете турганы айтылды.
Кыргызстандыктар Күндүн тутулушунун бир бөлүгүн көрө алат. Убактысы