КМШ өлкөлөрүнүн жаштарынын XVII Дельфи оюндарынын өтүүдө

Бишкекте Дельфи оюндары башталды. Сүрөт

Бишкекте Дельфи оюндары башталды
Таймаш классикалык, элдик жана заманга бап искусствонун түрлөрүн камтып, 12 номинацияда өтөт.
Sputnik
БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Борбор калаада Дельфи оюндары башталды. Ал "Улуу Жибек жолундагы Дельфи оюндары" деп аталган маданий-билим берүүчү долбоордун алкагында өтүп жатат. Иш-чара КМШнын алкагындагы Дельфи оюндарынын 20 жылдыгына арналган.
Долбоордун максаты — искусствонун, чыгармачылыктын, аткаруучулук жөндөмдүн ар кыл тармактарында фестивалдык өнөр жарышы үчүн жергиликтүү тажрыйбанын алкагында таланттуу жаштарга шарт түзүү. Маданий көп түрдүүлүккө көмөк көрсөтүү. Эл аралык аянтчаларда жогорудагы тармактардагы жаш лидерлерди табуу жана алардын өсүп чыгышына жол салуу.
Таймаш классикалык, элдик жана заманга бап искусствонун түрлөрүн камтып 12 номинацияда өтөт. Ар бир категория боюнча алтын, күмүш жана коло медалдар ыйгарылат.
Ага Кыргызстандын, Казакстандын, Россиянын жана башка мамлекеттердин маданият, искусство, билим берүү жана илим жаатындагы көрүнүктүү өкүлдөрү чакырылган. Алар жаштарга өрнөк болуп, мотивация бере турган ийгилик сырлары менен бөлүшмөкчү.
ЕАЭБ жана КМШ өлкөлөрүнүн биринчи Жаштар форумунун катышуучуларына Учуучу робот техникалары жана Мобилдик робот техникалары компетенциялары боюнча мастер-класстар өтүлдү
ЕАЭБ менен КМШ жаштарына робот техникасы боюнча мастер-класс өткөрүлдү