Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Financial Times: 2024-жылы АКШ үчүн Украина экинчи планга жылат

Автордун пикиринде, 2024-жыл жакындаган сайын Вашингтон менен Киевдин кызыкчылыктары эки ача боло баштайт.
Sputnik
БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Президенттик шайлоодон улам 2024-жылы АКШ үчүн Украинанын тагдыры экинчи планга өтөт. Серепчи Эдвард Люстун мындай макаласын Financial Times жарыялаганын РИА Новости жазды.
"Кошмо Штаттардын экономикалык өсүү темпи басаңдайт. Экономисттер 2023-жылы Америка мындай "тагдырдан" эч кайда кача албай турганын айтышууда. Бул 2024-жылы шайлоодо Байдендин же башка Демократиялык партиянын атынан чыкчу талапкердин жеңишке жетүү мүмкүнчүлүгүнө коркунуч туудурат. Республикачылар Байден кайрадан бийликке келбеши үчүн конгрессте рецессия менен бир тандемде иштешмекчи. Мындан улам АКШ шайлоого байланыштуу өзү менен өзү болуп, Украина маселеси алар үчүн экинчи планга жылат", — деген Люс.
Автордун пикиринде, 2024-жыл жакындаган сайын Вашингтон менен Киевдин кызыкчылыктары эки ача боло баштайт. Ал АКШ Украинага финансылык жардам көрсөтүп жаткандыктан өлкөдө инфляция өсүп баратканын кошумчалаган.
Буга чейин Америка лидери Жо Байден мөөнөтү бүткөн соң кайрадан президенттикке талапкерлигин коё турганын айткан. Октябрда Bloomberg 2023-жылы АКШнын экономикалык өсүү темпи төмөндөй турганын божомолдогон. Ал эми Украинага акча бөлүү маселеси демократтар менен республикачылар ортосунда дайыма пикир келишпестиктерди шарттап келет.
Мунай жагдайы: АКШнын мындан аркы кадамы кандай болот?