РФ ТИМи: АКШ Афганистан менен чектешкен аймактарга бүлгүн салуу аракетинде

Дипломаттын айтымында, ушу тапта айтылуу "көзөмөлдөгү башаламандык" концепциясы иштеп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. АКШ союздаштары менен Афганистанга чектеш аймактардагы абалды туруксуздаштырууга аракет кылып жатат. Бул тууралуу Россия тышкы иштер министринин орун басары Олег Сыромолотов билдиргенин РИА Новости жазды.
"Азыр Кошмо Штаттар союздаштары менен биргеликте Афганистандын өзүндө да, аны менен чектешкен аймактарга да бүлгүн салуу үчүн геосаясий оюндарын улантууда", — деди ал.
Сыромолотовдун айтымында, ушу тапта айтылуу "көзөмөлдөгү башаламандык" концепциясы иштеп жатат.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия биолабораториялардан улам АКШ менен Украинанын үстүнөн БУУга даттанды