Бишкекте Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматында (Финпол) мурда иштеп кеткен киши кармалды. ИИМден билдиргендей, 48 жаштагы экс-финполчу май айынан октябрга чейин бир аялдан 3 миллион сом талап кылып келген. Маалым болгондой, күн сайын анын алкымы чоңоюп, акча эле эмес, шаардан ар бири 200 миң доллар турган эки батир да сураган. Министрлик ал мурда да соттолгонун билдирди.
25-октябрда шектүү 100 миң сом жана батирге документтерди алып жаткан жеринен колго түшүрүлгөн. Учурда тергөө иштери уланууда.
Тема боюнча: