Мекендин уулу болгула! 70 жоокерге офицердик наам ыйгарылды. Сүрөт

Жоокерлер аскердик кызмат жана тарбия иштерин уюштура билүүнү, курал-жарак жана аскердик техникаларды пайдалана алууну жана дагы бир топ ыкмаларды өздөштүргөн.
Sputnik
ОШ, 27-окт. — Sputnik. Чек ара кызматында "Күз — 2021" чакырылыштагы жогорку билими бар 70 жоокерге "запастагы лейтенант" биринчи офицердик наамы ыйгарылды. Бул тууралуу аталган ведомстводон кабарлашты.
1 / 4

Чек ара кызматында "Күз — 2021" чакырылыштагы жогорку билими бар 70 жоокерге "запастагы лейтенант" биринчи офицердик наамы ыйгарылды

2 / 4

2021-жылы күз айларында чакырылган жогорку билимдүү жоокерлер чек ара тарамдарында мөөнөттүү аскердик кызмат өтөгөн

3 / 4

Офицердик наамга ээ болгон 70 жоокер бир айлык окууда даярдыктан өткөн

4 / 4

Квалификацияны жогорулатуу жана аскер кызматчыларын кайра даярдоо борборунун башчысы Таалайбек Кожошев аскерлерди куттуктап, аларга акыл-насаатын, каалоо-тилегин айткан

2021-жылы күз айларында чакырылган жогорку билимдүү жоокерлер чек ара тарамдарында мөөнөттүү аскердик кызмат өтөгөн. Офицердик наамга ээ болгон 70 жоокер бир айлык окууда даярдыктан өткөн.
"Аскер кызматкерлери тынч жана согуш мезгилиндеги күжүрмөн аракеттер кандай жүрөрүн, тарамдарды башкарууну, аскердик кызмат жана тарбия иштерин уюштура билүүнү, курал-жарак жана аскердик техникаларды пайдалана алууну, аларды сактоо эрежелерин окуп үйрөнүп, Куралдуу күчтөрдүн уставдагы талаптарын толук кандуу өздөштүрүштү", — деп жазылган маалыматта.
Квалификацияны жогорулатуу жана аскер кызматчыларын кайра даярдоо борборунун башчысы Таалайбек Кожошев аскерлерди куттуктап, аларга акыл-насаатын, каалоо-тилегин айткан.
"Сиздердин бул жерден алган билим мындан аркы келечек сапарыңарда кесип тандоодо сөзсүз түрдө өз үзүрүн көрсөтөт. Ар бириңиздердин келечегиңер өз колуңарда. Бул жакта өздөштүргөн билим, тажрыйба сиздерге чоң келечекке жол ачып берет деген үмүтүм чоң. Мекенибиздин жаркын келечеги, өсүп-өнүгүшү үчүн ар бириңер олуттуу салым кошосуздар деп ишенем. Биз сыймыктанчу Мекен уулдары болгула деп тилейм. Сапарыңыздар байсалдуу болсун!" — деген ал.
Министрлик ЖОЖдорго аскердик кафедраны кайрадан киргизүүгө белсенип жатат