БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов укук коргоо органдарына мыйзамсыз камоолордун кесепети тууралуу эскертти.
Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев саясатчы жана активисттерди кармоодо мыйзам баарына бирдей болгонун билдирди.
"Жок, мыйзам алдында баары бирдей болбой жатат. Андай деле коркунучтуу эмес адамдарды эки айга камап, мыйзамсыз иш кылып жатпайсыздарбы. Билесиздер да, буга чейинки бийлик бүгүн мамлекетти башкарып жаткан адамдарды дагы мыйзамсыз камагандан кийин эл акыры чыдабай чыккан. Мыйзамсыз камагандарды кууп, камалгандарды чыгарып, азыр башкача болуп жатпайбы. Ошондо дагы мыйзамсыз камаган укук коргоо органдарынын эч кимиси бүгүнкүгө чейин жооп берген жок", — деди Икрамов.
Андан соң Аширходжаев мыйзамсыз жагдайларды тапса, ИИМге маалымат беришин сурады. Анын айтымында, бул кылмыш иши боюнча ар бир жарандын аракетине юридикалык баа берилип, ошонун негизинде камалышкан.
Бул жоопко канааттанбаган депутат өзүнүн жерин бербей, коргоп чыккандардын баарын камай берүү өтө туура эмес болорун айтып, мыйзамдуу чечим кабыл алууга чакырды.
Белгилей кетсек, бүгүн парламентте укук коргоо органдары саясатчы жана активисттерди массалык кармоо тууралуу маалымат берди.