Садыр Жапаров эртең Астанага барат

Астана шаарында Борбор Азия жана Европа биримдиги өлкөлөрүнүн лидерлеринин биринчи жолугушуусуна катышат.
Sputnik
БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров эртең, 27-октябрда, Казакстанга иш сапары менен барат. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматы президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиевге таянып билдирди.
Анын Астана шаарында Борбор Азия жана Европа биримдиги өлкөлөрүнүн лидерлеринин биринчи жолугушуусуна катышары белгилүү болду.
"Борбор Азия жана Европа биримдиги өлкөлөрүнүн лидерлери саясат, соода, транспорт, экология, коопсуздук чөйрөсүндөгү жана башка эл аралык айдыңдын күн тартибинде турган актуалдуу темалар боюнча кызматташуу маселелерин талкуулашат. Мындан тышкары, Садыр Жапаров жогорку деңгээлдеги бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт", — деген Азымбакиев.
Иш сапарынын алкагында, ошол эле күнү кечинде Жапаров Кыргызстандын Казакстандагы Маданият күндөрүнүн ачылыш аземине катышары да белгилүү болду.
Астанада саммит башталды. Президенттердин жолугушкан видеосу