Бул фейк! Россия элчилиги интернеттеги маалыматты төгүндөдү

Дипломатиялык өкүлчүлүк Россиядагы чет элдик жарандарды, анын ичинде кыргызстандыктарды расмий булактардын маалыматына гана көңүл бурууга чакырат.
Sputnik
БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Социалдык тармактарда Россиянын аймагында жүргөн чет элдиктердин арасында кас адамдарды аныктоо жана зыянсыздандыруу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ түзүү боюнча документтин көчүрмөсү делген сүрөт тарады.
РФтин КРдеги элчилиги бул маалымат чындыкка дал келбесин айтты.
Дипломатиялык өкүлчүлүк Россиядагы чет элдик жарандарды, анын ичинде кыргызстандыктарды чагымчыл аракеттерге алдырбоого жана расмий булактардын маалыматына гана көңүл бурууга чакырат.
Россия ЖККУдан аскер сурады деген кабар — фейк! Элчилик билдирүү таратты