Путин КМШ алкагындагы кооптуулуктар туурасында айтты

Путин алдыга койгон, аткара турган милдеттердин бири — Шериктештик мамлекеттеринин ички ишине кийлигишүү аракеттерине биргелешип каршы туруу экенин белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. КМШнын аймагында ИГИЛ*, "Аль-Каида"** жана башка террордук топтордун коркунучу азайбай жатат. Бул тууралуу Россиянын президенти Владимир Путин КМШга мүчө өлкөлөрдүн коопсуздук жана атайын кызматтарынын жетекчилери менен жолугушуусунда айтты.
"Террордук топтор КМШ өлкөлөрүнө кирип, мыйзамсыз ячейкаларын түптөөгө аракет кылып жатат. Ал эми Афганистанда, өзгөчө Борбор Азия менен чектешкен республикаларда согушкерлердин топтолушу ал аймакка кирип баруу боюнча олуттуу коркунуч жаратууда", — деди ал.
"Биздин жалпы милдет — элибизди болушунча коргоп, КМШнын аймагында туруктуулук менен тынчтыкты бекемдөө. Акыркы он жылдын ичинде өнөктөштүктүн үлгүсү болгон, өз ара пайдалуу интеграциялык процесстерди өнүктүрүү да маанилүү", — деген Россия президенти.
Путин алдыга койгон, аткара турган милдеттердин бири — Шериктештик мамлекеттеринин ички ишине кийлигишүү аракеттерине биргелешип каршы туруу экенин белгилеген. Анын айтымына караганда, чет элдик атайын кызматтардын жалпы КМШда жана ага мүчө өлкөлөрдө туруксуздуктун үрөнүн себүүгө болгон аракеттерине бөгөт болуп, бетин ачуу зарылдыгын айткан.
"Террорчулук менен макулдашылган системалык күрөштү улантуу зарыл. Акыркы учурда бул багытта оң динамика бар. Шериктештиктин бардык өлкөлөрүндө терактыларды кошкондо террорчулук боюнча кылмыштар азайган", — деп белгиледи ал.
Путин олуттуу кооптуулуктарды Украинадагы курал боюнча мыйзамсыз базар жаратып жаткандыгын айтты.
"Анын аткезчилигине башка аймактарда улут аралык кылмыштуу топтор да катышууда. Кеп ок чыгарган эле куралдар туурасында болуп жаткан жок. Кылмышкерлердин колуна жабырлантуучу кубаттуу куралдардын, анын ичинде ташып жүрө турган, аткан жерине так тийген зениттик-ракеталык комплекстердин тийип калуу кооптуулугу бар", — деген президент.
ИГИЛ* — Кыргызстанда, Россияда жана башка мамлекеттерде ишмердүүлүгүнө тыюу салынган уюм
"Аль-Каида"** — Кыргызстанда, Россияда жана башка мамлекеттерде ишмердүүлүгүнө тыюу салынган уюм
Путиндин КМШнын атайын кызматтарынын башчылары менен жолугушуусуна Ташиев катышууда