Ош шаарында сынактан жеңген мектеп директорлорунун тизмеси чыкты

Министрлик сынакта жеңген төрт адамдын аты-жөнүн чыгарган.
Sputnik
БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Билим берүү жана илим министрлиги Ош шаарында директорлор сынагынын 2-айлампасында жеңгендердин тизмесин жарыялады.
Алар:
Барпы Алыкулов атындагы № 38 орто мектеби — Гүлмира Матисакова;
Нышанов атындагы № 50 орто мектеби — Эльвиза Нарымбаева;
Чыңгыз Айтматов атындагы № 36 — Катыча Орунбаева;
Жолон Мамытов атындагы №32 орто мектеби — Дилара Айтиева.
Жеңүүчүлөрдү шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси үч жумушчу күндүн ичинде директордун кызмат ордуна даярдап, беш жылдык мөөнөткө эмгек келишимин түзүшү шарт.
Бишкекте мектеп директорлорунун сынагынын 2-айлампасында жеңгендер. Тизме