Бий коштогон сулуулук. Кремлдеги бий турниринен тартылган 10 сүрөт

Москва шаарында "Кремлдин кубогу — Россиянын сыймыгы" деп аталган бий турнири болду. Аталган иш-чаранын кандай өткөндүгүн Sputnik Кыргызстан даярдаган сүрөт баяндан көрө аласыз.
Sputnik
Бул масштабдуу иш-чараны Бий боюнча дүйнөлүк уюм Россияда латын америкалык бийлердин европалык чемпионатын өткөрүү укугун чакыртып алгандан кийин өткөрүү чечимин кабыл алган.
Кремлдин биринчи кубогу 23-апрелде өткөн. Аны Россиянын искусствосуна эмгек сиңирген ишмер, Россиянын бий союзунун президенти Станислав Попов уюштурууда.
Бул сапар турнирде бир нече программа болду. Кремль сарайынын паркетине 48 түгөй чыгып, Латын Америка багытындагы бийлерди аткарды. Андан сырткары, европалык стилдин аткаруучуларынын дуэти көргөн көздү кубандырды. Кесипкөйлөрдүн ичинен 24 түгөй катышты. Аларды россиялык акыркы жана эл аралык сынактардын жыйынтыгы менен тандап алышкан. Латын америкалык турнирде аталган бийди сүйүүчүлөр арасынан 24 дуэт чыккан. Кремлдин кубогунда европа бийлерин сүйүүчүлөрдүн ичинен 12 түгөй өнөрүн көрсөткөн. Программада Латын Америка жана Европа багытында Pro-Am категориясындагы эки финал болгон.
1 / 10

Москва шаарында "Кремлдин кубогу — Россиянын сыймыгы" деп аталган бий турнири болду

2 / 10

Бул масштабдуу иш-чараны Бий боюнча дүйнөлүк уюм Россияда латын америкалык бийлердин европалык чемпионатын өткөрүү укугун чакыртып алгандан кийин өткөрүү чечимин кабыл алган

3 / 10

Кремлдин биринчи кубогу 23-апрелде өткөн

4 / 10

Иш-чараны Россиянын искусствосуна эмгек сиңирген ишмер, Россиянын бий союзунун президенти Станислав Попов уюштурган

5 / 10

Бул сапар турнирде бир нече программа болду. Кремль сарайынын паркетине 48 түгөй чыгып, Латын Америка багытындагы бийлерди аткарды

6 / 10

Кесипкөйлөрдүн ичинен 24 түгөй катышты. Аларды россиялык акыркы жана эл аралык сынактардын жыйынтыгы менен тандап алышкан

7 / 10

Кесипкөйлөрдүн ичинен 24 түгөй катышты

8 / 10

Кремлдин кубогунда европа бийлерин сүйүүчүлөрдүн ичинен 12 түгөй өнөрүн көрсөткөн

9 / 10

Программада Латын Америка жана Европа багытында Pro-Am категориясындагы эки финал болгон

10 / 10

"Кремлдин кубогу — Россиянын сыймыгы" бий турниринин катышуучулары Кремль сарайында