Китепкана дегенде тынч отуруп, китеп окуш керек деген классикалык түшүнүктөн арылуу зарыл. Мындай пикирин Төлөгөн Аматов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, китепканада балдар Tik Tok социалдык тармагы үчүн видео тарткысы келсе ага шарт түзүлүшү керек.
"Китепкананын эң негизги максаты — китеп окуганга шыктандыруу жана китепти сүйүүгө үйрөтүү. Балдар маалымат издегенде китепканачы аны кызыктырып, деталдуу маалымат берүү менен зарыл болгон китептерди сунушташы керек. Бүгүнкү күндө китепкананын да ролу алмашып баратат. Китепкана дегенде тынч отуруп китеп окуш керек деген классикалык түшүнүктөн арылчу кез келди. Ал жерде балдар кааласа Tik Tok социалдык тармагы үчүн видео тартып, өздөрү каалаган нерсесин жасоого шарттардын түзүлүшү маанилүү. Балким балдар ал жерде робот техникаларды жасагысы келер. Lounge zone сыяктуу жерге айландырып, команда менен отуруп долбоор иштеп чыкканга мүмкүнчүлүктөрдү түзүү зарыл. Китепкана балдардын өзүн өркүндөткөн аянтча болушу керек", — деди директор.
Ал китепканачылардын көбүнүн кесиби мугалим экенин кошумчалады.