Ирландиянын улуттук бий шоусу кыргызстандыктарга өнөрүн тартуулайт

Иш-чара 1-ноябрь күнү Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өтөт.
Sputnik
Ирландиянын заманбап шоусунун алдыңкы үчтүгүнө кирген легендарлуу Rhythm of the Dance бий шоусу Бишкекте концерт берет. Бул тууралуу уюштуруучулар маалымдады.
Аталган шоу 1-ноябрь күнү Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда өтөт. Көрүүчүлөрдү кельт музыкасынан жаралган сыйкырдуу бийлер, жандуу музыка жана жан дүйнөнү сергиткен ырлар күтөт.
Rhythm оf the Dance — дүйнөдөгү ирландия бийлеринин лидери, бул өнөрдүн салттарын таза сактап, ошол эле маалда бийди заманбап түрүндө тартуулайт. Алардын шоусунда бий, музыка, театр, импровизация камтылып, заманбап атайын эффектилер менен коштолот.
Тема боюнча:
Бишкекте "Орто Азия романсиадасы" гала-концерти кандай өттү. Видео