Кытай ЖМКсы: Евробиримдик октябрдан кийин оор сыноодо калат

Энергетикалык каатчылык Европаны өнөр жайдагы атаандаштык жараткан артыкчылыктарынан ажыратып, өндүрүштү кыскартып, экономикасын жайлатууда.
Sputnik
БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Европа биримдиги жылуулук менен камсыздоо маалы башталган соң чоң сыноодо калат. Бул тууралуу Кытайдын "Хуаньцю Шибао" гезитиндеги макаласында баяндамачы Чжэн Тао жазган.
"Еврозонанын экономикасы барган сайын начарлоодо, бирок чыныгы сыноо октябрдан соң жылуулук берилчү маалда башталат. Бул мезгилде өнөр жай да, калк да газ жана электр энергиясын колдонууда бир топ көйгөйгө тушугат", — деп айтылат макалада.
Автордун айтымында, "Американын ырын ырдоо" Европа мамлекеттеринин улуттук кызыкчылыгына туура келбейт, ал эми антироссиялык санкциялар ЕБге каршы кадам болуп калды. Энергетикалык каатчылык Европаны өнөр жайдагы атаандаштык жараткан артыкчылыктарынан ажыратып, өндүрүштү кыскартып, экономикасын жайлатууда.
"Натыйжада ЕБ АКШдан өз баасынан төрт эсе кымбат келген суюлтулган газ сатып алууга аргасыз. Муну өзүн-өзү өлтүрүүнү көздөй кадам десек болот", — деди баяндамачы.
Анын айтымында, айрым мамлекеттердин "курмандыкка чалынуудан" баш тартышы Европага жик салууда. Автор "Украинадан чарчаган" европалыктар арбып бара жатканын белгилеген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия биолабораториялардан улам АКШ менен Украинанын үстүнөн БУУга даттанды