Эмгек кодексин жөнөкөйлөтпөсө иштөө ыңгайсыз болуп калды. Мындай пикирин Жанабил Давлетбаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, салыкты кошкондо социалдык чегерүүлөр 40 пайызга чейин жеткен учурлар бар.
"Учурда бейформал жумушка орношуу көп экени айтылып келет. Көбүнчө бул жагдай орто жана чакан бизнесте болуп жатат. Ошондуктан алардын укуктары корголбой калууда. Демек, бул иш берүүчүлөргө дагы тобокелчилик жаратып жатат. Анткени келишим түзбөй жумушка алса айып салынат. Ачык, ак ниет иш алып баргандар үчүн бул тоскоолдук. Бирок эмгек келишимин түзө келгенде бир катар көйгөйлөр жаралууда. Маселен, социалдык чегерүү, салыктарды кошкондо маянадан 40 пайызга чейин кармап калуу керек. Ошол эле учурда жарандык келишим боюнча 10 пайыз кармалат. Мындан улам көбү жарандык келишим түзүп, патент же жеке ишкер катары иш алып барууда. Бул Эмгек кодекси менен каралбай калат. Ошол эле маянаны талап кылуу мөөнөтүнө чек коюлган эмес. Башкача айтканда, кызматкер 10 жылдан кийин деле маянасын талап кыла алат. Ага чейин туумдар өсө берет. Ошондуктан буга кандайдыр бир чек коюу зарыл. Бюрократияны азайтуу керек, Азыр, мисалы, эмгек келишим түзсө иш берүүчү кеминде төрт отчёт берет. Мунун баары кошумча түйшүк. Ошондуктан бул маселени чечүү үчүн Эмгек кодексин жөнөкөйлөтүп, социалдык чегерүүнүн пайызын азайтуу зарыл", — деди Давлетбаев.
Ошондой эле ал учурдагы Эмгек кодекси көмүскөдө иштегендерди көбөйтүп жатканын кошумчалады.