Парламентте жалгыз бой карыяларды иш берип алаксытуу сунушталды

Эл өкүлүнүн пикиринде, улгайган адамдарды пенсияга чыгарып эле карабай койбой, спортко, жумушка жана ыктыярчылыкка тартса болот.
Sputnik
БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев мамлекет жалгыз бой жүргөн карыяларга өзгөчө көңүл буруп, бир иш менен алаксытууну сунуштады.
"Түгөйү бар улгайган адамдарга балдары жана туугандары көңүл буруп турушат. Жалгыз бой калгандар чынында эле кыйналууда. Мамлекет кандайдыр бир колдоо көрсөтүүсү шарт. Спортко, жумушка тартса болот. Эмнегедир биз улгайгандарды дароо эле "болду эми сен керек эмессиң" деп пенсияга жөнөткөнгө шашабыз. Тескерисинче, мындай адамдарга жардам беришибиз керек деп ойлойм. Ыктыярчылыкка да тартып, бир нерсе менен алаксытыш керек", — деди Бекешев.
Ошондой эле депутат Европа өлкөлөрүндө улгайган адамдарды балдар үйлөрүнө, медициналык мекемелерге бекитип берерин белгилеп, Кыргызстанда дагы ушундай ыкманы колдонууга чакырды.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев бул сыяктуу өзүнүн дагы демилгеси бар экенин, эл өкүлү менен биргеликте талкуулап, мыйзам долбоорунун экинчи окуусуна киргизүүнү убадалады.
Бүгүн парламентте "Кыргыз Республикасындагы улгайган жарандар жөнүндө" мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү каралды.
Статком: өлкөдө эркектердин өлүмү аялдарга караганда 1,5 эсе көп катталат