"Мени менен тең окшойт". Депутат тергөөчүлөргө жаңы камера алып берүүнү сунуштады

Депутат жакынкы окуяда тергөөчүнүн эки камерасынын батареясы өчүп калганын мисал келтирди.
Sputnik
БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Акбөкөн Таштанбеков тергөөчүлөргө жаңы камера алып берүүнү сунуштады.
Ал мындай пикирин парламентте саясатчы жана активисттерди массалык кармоо тууралуу укук коргоо органдары маалымат берип жатканда айтты.
"Тергөөчүлөрдүн камералары мени менен тең окшойт, тартып жатканда батареялары түгөнүп калууда. Ошолорун алмаштырып берип койгулачы. Тергөө жүрүп жаткандан кийин башынан аягына чейин үзбөй тартышы керек эле да. Мен көргөн учурда тергөөчүнүн эки камерасынын батареясы өчүп калды. Эми ошол учурда тартылбай калса, соттон көйгөй болуп чыгат. Бир нерсе тапса өзүлөрү таштап койду деши мүмкүн", — деди Таштанбеков.
Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев мындай көйгөй өлкө боюнча бар экенин айтты.
"Ооба, туура маселе көтөрүп жатасыз. Эмки жылкы бюджеттен камера алууга акча сурап жатабыз. Бирок өткөн тергөө амалдарына биз камераларды толук камсыздап бергенбиз", — деди Аширходжаев.
Мыйзам жаш-карыга, аял-эркекке бирдей. Прокурор камоолор тууралуу