Депутат: ким президентке каршы чыкса Күнгө таш урган менен барабар, өзүнө тиет

Эл өкүлү өзүн пиарлап, элди дүрбөтүп жатат деп Мадумаровду айыптады.
Sputnik
БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Фархат Исмаилов кесиптеши Адахан Мадумаровдон президент Садыр Жапаровго каршы сүйлөбөшүн талап кылды.
Бүгүн жыйындын башында Мадумаров укук коргоо органдарын чакырып, массалык камоолор тууралуу маалымат алууну сунуштаган. Мындай демилге Исмаиловго жаккан жок.
"Өзүн пиарлоо үчүн көп сүйлөп жатат. Адахан Кимсанбаевич, токтотуңуз, мындай сүйлөгөн болбойт да. Мамлекет азыр кыйын абалда турганда кичине сабыр кылган жакшы. Ал жерде мамлекеттик сыр бар дейт. Сиз дин жөнүндө сүйлөйсүз, бирок билем дегенди билбегениңиз өкүнүчтүү да. Кимде-ким өлкө башчысына каршы сүйлөй турган болсо, Күндү карап таш урган менен барабар. Ал таш кайра өзүңүзгө тийиши мүмкүн. 30 жылда азыркы президенттей эч ким иштеген эмес. Күчтүү куралдарды алып келип жатат, сиз 30 жылда бир кыш алып келген эмессиз", — деди Исмаилов.
Ошондой эле ал Мадумаровго аялдар эле теңелбесе, жигит мүнөз депутаттар теңелбей калганын айтып, сөзүнө жооп бербей эле коюшун суранды.
"Жөн жерден пиар кылып элди дүрбөлөң кылбаңыз. Күч органдары өздөрү чечет. Азыр чыгып жооп бербей эле коюңуз. Билем дегениңизди билбейт экенсиз. Болбосо кабинетиңизге барып түшүндүрүп берем, депутаттардын ишине тоскоол болбойлу", — деп кайрылды Исмаилов Мадумаровго.
Белгилей кетсек, 23-октябрда милиция бир катар саясатчы, жарандык активисттердин үйлөрүн массалык түрдө тинтүүгө алып, өздөрүн кармап кеткен. ИИМ Кылмыш-жаза кодексинин 36 ("Кылмышка даярдык көрүү") жана 278-беренеси ("Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу") боюнча кылмыш иши ачылганын билдирди. Кармалгандар Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине каршы позициясын билдирип келишкен.
Бул окуя боюнча президент Садыр Жапаров үн катып, жарандык коомдук өкүлдөрү менен сүйлөшүү натыйжа бербегенин айткан.
Натыйжада кармалган 21 жаран тергөө абагына киргизилген.
Мадумаровду конокко чакыргам, "достошуп" кетти эле. Жапаровдун соңку маеги