Кыргызстанда дарыларды көзөмөлдөө системасы ишке киргизилди. Бул система аркылуу дарынын өлкөгө киргенден баштап акыркы бейтаптын керектөөсүнө чейинки жолун көзөмөлдөөгө мүмкүндүк ачылат. Бул тууралуу Айнура Абалиева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, система контрафактылык медициналык буюмдар менен күрөшүү аркылуу дары-дармектердин жана медициналык буюмдардын коопсуздугун камсыз кылат.
"Кыргызстанда дарыларды көзөмөлдөө системасы ишке киргизилди. Иштелип чыккан система контрафактылык медициналык буюмдар менен күрөшүү аркылуу дары-дармектердин жана медициналык буюмдардын коопсуздугун камсыз кылат. Тутум дарыларды өлкөгө импорттоодон баштап, акыркы керектөөчүгө чейин көзөмөлдөй алат. Мындан тышкары, конкреттүү дары-дармектердин бар-жогу тууралуу маалымат ооруканаларда да жеткиликтүү болот. Жарандар мобилдик тиркеме аркылуу сатып алынган дарылардын мыйзамдуулугун текшерип, ал боюнча бардык керектүү маалыматты ала алышат. Атайын системанын жоктугунан рынокту жөнгө салууда көптөгөн кыйынчылыктар жаралып келген. Мисалы, дарыканаларда бааны текшерүү, адистердин жетишпестиги сыяктуу көйгөйлөр болгон", — деди Абалиева.
Ошондой эле адис өлкө боюнча бардык дарыканаларды, фармацевтикалык компанияларды, саламаттык сактоо уюмдарын жана башка катышуучуларды системага милдеттүү кошуу караларын кошумчалады.