БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Бишкек ТЭЦи быйыл күз-кышкы сезондон кийин мэриянын балансына өтөт. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев парламентте билдирди.
Аткаминер бүгүнкү күндө энергетика тармагына алынган кредиттердин суммасы 136 миллиард сомду түзөрүн айтып, андан кутулуунун жолун издеп жатканын белгиледи.
"Министрлер кабинети менен сүйлөшүп жатабыз, бул көйгөй чечилет деп ойлойм. Карыздарды Финансы министрлигине өткөрүп берип, энергетикалык компания таза барактан иштеп баштайт. Бишкек ТЭЦине эң көп карыз алынган. Энергосектордун көп акчасы ошого кетет. Күзгү-кышкы сезондон кийин Бишкек ТЭЦин мэрияга өткөрүп беребиз. Менин биринчи милдетим карызга баткан энергосекторун баткактан чыгаруу", — деди Ибраев.
Ошондой эле министр чет жактан алынган кредиттерге "Датка — Кемин" электр линиясы курулуп, "Датка" подстанциясы, Бишкек ТЭЦи реконструкцияланганын кошумчалады.