Сеулдан Бишкекке түз авиакаттам ачуу пландалууда

Рейстерди түштүк кореялык компания аткара тургандыгы айтылган.
Sputnik
БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Кийинки жылы Сеул менен Бишкек шаарларынын ортосунда түз авиакаттамынын ачылышы күтүлүүдө. Бул тууралуу Түштүк Кореянын премьер-министри Хан Док Су Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен болгон жолугушуусунда билдиргенин ТИМ маалымдады.
Авиакаттамдарды түштүк кореялык T'way авиакомпаниясы аткара тургандыгы айтылууда.
Ошондой эле жолугушууда мамлекеттик башкаруу, айыл чарба, санариптештирүү, саламаттык сактоо жана аймактарды өнүктүрүү жаатындагы гранттык жана техникалык долбоорлорду ишке ашыруу жана илгерилетүү маселелери талкууланды.
Үрүмчүдөн Бишкекке кошумча авиакаттам ачылышы күтүлүүдө