Депутат: Баткенде абадан коргогон аскерлердин маянасы аз, кетебиз деп жатышат

Эл өкүлү облуска өзгөчө статус берилгенден кийин баарынын маянасы жогорулап, бир эле абадан коргогон адистер каралбай калганын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитов Баткен облусунда абадан коргонуу системасын иштеткен аскерлердин маянасы көтөрүлбөй калганын билдирди.
Анын айтымында, Коргоо министрлигинин бир эле абадан коргонуу бөлүгү Баткенде жайгашкан.
"Тажикстан кол салганда адамгерчилигинен эмес, абадан коргонуу системасынан коркконунан авиациясын киргизген жок. Ошол жерде иштеп жаткандар кетебиз деп жатыптыр. Себеби Баткендин өзгөчө статусу боюнча бүт баарынын айлыгын көтөргөн, бир гана ушул бөлүктүн аскерлеринин маянасы жогорулабаптыр. Муну эл суранып жатат, аскерлер берген антына жараша унчукпай иштеп жатат. Бирок эл тынчсызданууда. Алар кетип калбасын. Себеби абадан коргонуу системасынын өзү эмес, ал куралдарды колдонгонду билген адистер баалуу", — деди Айжигитов.
Депутат ушул маселени министрлер кабинети тез арада карап, милдеттүү түрдө маянасын көбөйтүп берүүнү талап кылды.
Белгилей кетсек, буга чейин өкмөт башчы Акылбек Жапаров Баткен жана Лейлек райондорундагы чек арачылар 1-октябрдан тартып 76 миң сом маяна аларын убадалаган.
УКМКнын Баткен облусундагы аскер кызматкерлери үйлүү болду