Бөбөк күйүп калганда көрсөтүлүүчү биринчи жардамдын тизмеси

Адистер дене күйгөндө медициналык майын, крем, тиш пастасын, өсүмдүк майын жана башкаларды сыйпаганга болбой тургандыгын айтышты.
Sputnik
БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Ден соолукту чыңдоо боюнча республикалык борбордон Кыргызстанда балдардын үйдөн кырсыктаган 20 миңге чукул учуру (бир жылда) катталарын, анын ичинен күйүп калган абалда ооруканага көп түшөрүн айтты.
Мындан улам борбордун адистери ата-энелерди чүрпөлөрүн этияттоого чакырды.
Балдар отко, мешке, ысык буюмга, ысык майга, тамакка, кайнак сууга, бууга, үтүккө, электр жабдыктарына жана башкаларга күйүп калган түрдүү учурлар кездешет.

"Балдардын күйүп калуусунан этияттоо үчүн аларды отко жакындатпай, колуна ширеңке карматпай көңүл буруп караш керек. Бөбөктүн газ плита, кайнак суу, ысык тамак турган жактарга өтө албаганы жакшы. Ал үчүн коопсуздук шартын эске алуу өтө зарыл", — деп айтылат маалыматта.

Бала күйүп калса биринчи жардам кантип көрсөтүлөт?
Баланын кийими жалын болуп күйүп жатса дароо суу себиңиз же жууркан менен орой коюңуз;
Баланын күйүп калган денесин жакшылап карап чыгуу керек;
Колу же бутунун кичинекей бөлүгү күйсө агып жаткан муздак сууга 5-7 мүнөт муздатып, кармап туруу зарыл;
Таза, ным чүпүрөктү күйгөн жерге коюп, ошол жерди таңыңыз;
Баланын денеси күйүп калгандан кийин ага көбүрөөк суу, зарыл учурда парацетамол берүү сунушталат;
Зарыл болсо жүрөк-өпкө реанимациясын жасаңыз;
Баланын денесинин күйгөн жерине, жарааттын чоң-кичине, терең же терең эместигин жакшылап байкап, керек болсо аймактык оорукананын шашылыш жардам көрсөтүү бөлүмүнө жеткириңиз;
Эмнелерди жасоого болбойт?
суу толгон ыйлакчаларды жарганга;
күйгөн жерге медициналык майын, крем, тиш пастасын, өсүмдүк майын жана башкаларды сыйпаганга болбойт.
Баланын мите курт чакырган ооруга кабылганын кантип билсе болот? Белгилери