Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

АКШда Крымды РФ бөлүгү деп таануу атайын операциянын алдын алмактыгы айтылды

Ардагердин пикиринде, коргонуу жаатында Крым башкы ролду ойнойт, ошондуктан Москва жарым аралга кол салууга жол бербейт.
Sputnik
БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Батыш Крымды Россиянын курамындагы аймак деп тааныса Украинадагы атайын операция болмок эмес. Мындай пикирин New Yorker басылмасынын баяндамачысы, Ирактагы согуштун ардагери Дэн Колдуэлл айтканын РИА Новости жазды.
"Россия Крымсыз алсыз болуп калат деген кептин жөнү бар. Эгерде Москвага жарым аралга ээлик кылуу укугу берилсе, аны согуштук аракеттерин токтоттуруу жолдору табылмак. Владимир Путин айткандай, ансыз өлкө өзүн коргоого аргасыз болууда", — деген Колдуэлл.
Ардагердин пикиринде, коргонуу жаатында Крым башкы ролду ойнойт, ошондуктан Москва жарым аралга кол салууга жол бербейт. Колдуэлл Киев Россиянын Кара деңизге чыгышына бөгөт коюуну каалай турганын да айткан.
"Коркунуч Батыштан болуп жатат. Балким жаңылып жаткандырмын, бирок Россия өзүнүн аймагы деп эсептеген жерге НАТОнун куралдуу күчтөрү жайгашуусу мүмкүн деп эсептеп турган чакта күрөштү токтотуп коёрун элестетүү кыйын", — деди ал.
Украинада 24-февралдан бери атайын операция жүрүүдө. Куралдуу күчтөрдүн алдында Донбассты бошотуу жана Россиянын коопсуздугун кепилдөө милдети турат.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
АКШ менен Украинанын түпкү максаты эки башка. Кимиси эмнени көздөйт?