Кийинки жылы өлкөдөн алтын камтыган руда жана концентрат экспорттоого тыюу салынат

"Кара-Балта тоо-кен комбинаты" ААКка алтын камтыган руданы жана концентратты кайра иштетүүгө өзгөчө укук берилген.
Sputnik
БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. 2023-жылдын 1-майынан тартып Кыргызстандан алтын камтыган руда жана алтын камтыган концентрат ташып чыгарууга убактылуу тыюу салынат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Аталган жарлыкка мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койгон.
"Конституциянын 66, 71-беренелерине ылайык, 2023-жылдын 1-майынан тартып Кыргызстандын аймагында казып алынган жана өндүрүлгөн алтын камтыган руданы жана концентратты (ЕАЭБ ТЭИ ТН 2616 90 000 0 коду менен классификацияланган) өлкөдөн ташып чыгарууга алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салуу белгиленүүдө", — деп жазылат маалыматта.
Президенттин маалымат кызматы "Кара-Балта тоо-кен комбинаты" ААКка алтын камтыган руданы жана концентратты кайра иштетүүгө өзгөчө укук берилип жатканын белгиледи.
"Жарлыкта көрсөтүлгөн товарларды мыйзамсыз ташып чыгарууга бөгөт коюуга багытталган зарыл чараларды Мамлекеттик бажы кызматы менен УКМКнын Чек ара кызматы көрөт", — деп айтылат кабарда.
Министрлер кабинетине убактылуу тыюу салууну 2023-жылдын 1-ноябрынан тарта алты ай сайын узартып туруу тапшырмасы берилген.
Улуттук банктын алтын запасынын наркы 2,3 миллиард сомго азайды