Ак-Талаа районунда Баетов — Кош-Дөбө жолу оңдолот

Оңдоло турган жолдун узундугу 90 чакырым, аны 5-6 айыл колдонот.
Sputnik
БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. 2023-жылдан тарта Нарын Ак-Талаа районундагы Баетов — Кош-Дөбө жолу оңдоп-түзөлүп, асфальт төшөлөт. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Оңдоло турган жолдун узундугу 90 чакырым экени айтылды. Бул жолду райондогу 5-6 айыл колдонот.
Аталган жолдун начар абалы көп жылдан бери чечилбей, ак-талаалыктарды түйшүккө салып келген. Бул маселени аталган райондун аксакалдары Нарын облусунун жаңы жетекчиси Алтынбек Эргешов менен болгон алгачкы жолугушууда да көтөрүп чыгышкан. Эргешов аталган аймактын облус борборунан обочо жайгашып, экономикалык, инфраструктуралык маселелер көп экендигин, ошондуктан Ак-Талаа районуна өзгөчө көңүл бурулаарын, районду өнүктүрүүнү улуттук, республикалык деңгээлге алып чыгып, долбоордук кароого киргизүүгө аракет кылып жатканын билдирген.
"Мындан көп өтпөй Эргешовдун аракети менен Баетов — Кош-Дөбө жолунун маселеси жетекчиликке жеткирилип, президенттин тапшырмасы менен буюрса жаңырган жылдын бюджетине 540 миллион сомдук асфальт төшөө иши киргизилгени турат", — деп билдирди кабарчы.
Нарында "Ак-Талаа көмүр" мамлекеттик ишканасы түзүлдү