Михаил Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинде иштеген филология илимдеринин доктору, профессор Марклен Коңурбаев кыргызстандык жазуучулардын арасында адабий конкурс уюштуруп жатат. Мен сынакта келип түшкөн кыргыз тилиндеги чыгармаларды караган калыстар тобунун төрагасы кызматын аткарам. Бул тууралуу Султан Раев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, эл аралык конкурска чыгармалар кыргыз жана орус тилдеринде кабыл алынат.
"Башка мамлекетте жашап иштесе да кыргыз адабиятына кайдыгер карабаган инсандардын бири профессор Марклен Коңурбаев адабий конкурс уюштуруп жатат. Ага калыс болуп берүү сунушун кабыл алдым. Учурда сынактын жобосу иштелүүдө. Эреже, талаптары бекитилип, https://jazuuchu.com/ сайтына жарыяланат. Бирок мен азыр алдын ала сынакка чыгармаларга жана катышуучуларга эч кандай чек коюлбай тургандыгын, кыргыз, орус тилдеринде кабыл алынарын айта алам. Конкурстун максаты — Чыңгыз Айтматов сыяктуу залкар жазуучу чыккан кыргыз адабиятынан кийинки муундун арасынан да мына ушундай берметтерди издөө. Кыргыз адабиятында кум арасында алтындай болуп катылып жаткан жазуучуларды табуу үмүтү. Бул Айтматовго атаандаштык жаратуу эмес, ал көтөрүп кеткен даражада кыргыз адабиятын андан ары улоого умтулуу", — деди Раев.
Жазуучу конкурска келип түшкөн чыгармаларды жалпы журтка жеткиликтүү кылып, калыстар алардын да ой-пикирин угуп, көрүп тургандай шарт түзүү керектигин кошумчалады.