Ысык-Көлгө акылдуу шаар курулат. Бийлик Корея өкмөтү менен сүйлөшүп жатат

Долбоор гранттык негизде ишке ашырылары белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун аймагына акылдуу шаар (Smart city Issyk-Kul) курулат. Бул туурасында Экономика жана коммерция министрлиги билдирди.
Аталган шаардын жайгашчу жерин аныктоо жана керектүү маалыматтарды чогултуу үчүн кореялык "Хан-А" консорциумунун вице-президенти Мин Бымсик Кыргызстанга келген.
1 / 3

Ысык-Көл облусунун аймагына акылдуу шаар (Smart city Issyk-Kul) курулат

2 / 3

Аталган шаардын жайгашчу жерин аныктоо жана керектүү маалыматтарды чогултуу үчүн кореялык "Хан-А" консорциумунун вице-президенти Мин Бымсик Кыргызстанга келген

3 / 3

Экономика министринин орун басары Канат Абдрахманов Кореянын Жер, инфраструктура жана транспорт министрлигинин, Чет өлкөлөрдөгү инфраструктураларды, шаарды өнүктүрүү боюнча мамлекеттик корпорациянын жана "Хан-А" консорциумунун өкүлдөрү менен жолуккан

Экономика министринин орун басары Канат Абдрахманов Кореянын Жер, инфраструктура жана транспорт министрлигинин, Чет өлкөлөрдөгү инфраструктураларды, шаарды өнүктүрүү боюнча мамлекеттик корпорациянын жана "Хан-А" консорциумунун өкүлдөрү менен жолуккан.
"Доолбоор глобалдык кызматташтык аркылуу акылдуу шаарларды өнүктүрүүгө багытталган K-City Network программасынын алкагында гранттык негизде ишке ашырылат. Аны үчүн Корея өкмөтү тарабынан дүйнөдөгү акылдуу шаарларды куруу долбоорлорун иштеп чыгууда консультациялык кызматтарды көрсөткөн "Хан-А" консорциуму тартылган. Жолугушууда акылдуу шаардын мастер-планын түзүү, инфраструктуралык чечимдер жана алдын ала техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу маселелери талкууланды", — деп айтылат маалыматта.
Консорциумдун вице-президенти Мин Бымсик Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын кызматкерлерине Ысык-Көлдө курулчу акылдуу шаардын болжолдуу мастер-планы менен тааныштырган.
Жыйынтыгында тараптар дагы да тыгыз кызматташууга даярдыгын билдиришти.
Экономика жана коммерция министрлигинин маалымат кызматы бул "Асман" шаарынан башка долбоор болорун белгиледи.
"Асман", "Бишкек сити". Жапаров ири долбоорлордун курулушу боюнча жыйын өттү