WhatsApp Кыргызстанда да иштебей калды

Социалдык тармактагылар тиркемеде кандай көйгөйлөр болгонун жазып жатышат.
Sputnik
БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Социалдык тамактагылар WhatsApp мессенджери иштебей калганын айтышууда.
Алар билдирүү жөнөтө албай калганын, сүрөт, видео жүктөп, текст жазганда маселе чыгып жатканын айтышкан. Андан сырткары, тиркеменин өзү да ачылбай жаткан учурларды жазышкан.
Downdetector порталынын маалыматтарында чын эле ушундай маселе бар экени кабарланды.
Интернеттин кыргыз сегментинде да жогорудагыдай көйгөйлөр болуп жатканы белгилүү болду.
Санарип министрлиги интернет эмнеден улам жакшы иштебей жатканын түшүндүрдү