Радио

Шейшенбаев: өлкөдө ветеринарлар жетишпейт

Айыл чарба министрлигине караштуу ветеринардык кызматтын директорунун орун басары Чыңгыз Шейшенбаев эпизоотиялык абал жакшырса эт жана сүт азыктарын экспорттоого жол ачарын айтты.
Sputnik
Ветеринардык дарыгерлердин айлыгы төмөн болгондугуна байланыштуу жаш адистердин көбү чет өлкөгө кетип калууда. Азыр эмгек акыны жогорулатуу менен кесипкөй адистерди кармап калууга мүмкүн болуп жатат. Бул тууралуу Чыңгыз Шейшенбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, республиканын түштүгүндө мал доктурлардын көбүн улуу жаштагылар түзүп, жаңы ыкмалар колдонулбай жатат.
"Кыргызстанда эпизоотиялык абал туруктуу. Учурда малдын жугуштуу ылаңдарына каршы вакциналар бардык аймактарга жеткирилген. Тилекке каршы, бизде өлкөдө ветеринардык кызмат көрсөткөн адистер жетишпейт. Мунун негизги себеби айлык акынын аздыгы, шарттын түзүлбөгөнү болуп келген. Эми маяна эки эсе жогорулап, аздыр-көптүр кызыгуу байкалууда. Жаштардын көбү ветеринардык билим алып, чет өлкөгө кетип жатышкан. Ага байланыштуу республиканын көп жеринде мал доктурлардын көбүн улуу курактагылар түзүп жатат. Эпизоотиялык абал жакшы болсо эт жана сүт азыктарын экспорттоого жол ачат", — Шейшенбеков.
Ошондой эле адис малды идентификациялоо иштери кызуу жүрүп, учурда жылкы жана койлорду каттоо ишке ашырылып жатканын кошумчалады.