Зась менен Лавров ЖККУнун ишин илгерилетүүнү талкуулады

Уюмдун баш катчысы Россиянын башкы дипломатына маалымат берген.
Sputnik
БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун башкы катчысы Станислав Зась Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолукту. Бул тууралуу ЖККУнун маалымат кызматы билдирди.
Алар уюмдун учурдагы ишмердүүлүгү жана аны өнүктүрүү маселелерин талкуулашкан.

"Станислав Зась Сергей Лавровго ЖККУнун уставдык органынын алдыда боло турчу жыйынына даярдыктын жүрүшү жана Жамааттык коопсуздук кеңешинин бир катар тапшырмаларынын аткарылышы тууралуу маалымат берди", — деп билдирди уюмдан.

Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Путин атайын операциянын керектөөсүн тез арада камсыздоого тапшырма берди