БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Биринчи май райондук соту Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине каршы болгон айрым саясатчы, жарандык активисттердин баш коргоо чарасын карады.
Эске салсак, алар 23-октябрда кармалышкан. Акыйкатчы Атыр Абдрахматова Ички иштер министрлиги тарабынан 21 саясатчы жана жарандык активист кармалганын маалымдаган. Анын ичинде ЖКнын мурдагы спикери Канат Исаев дагы бар. Ал бир айга УКМКнын тергөө абагына киргизилген.
Сот тарабынан баш коргоо чарасы каралып, камалгандар:
Азимбек Бекназаров — 23-декабрга чейин №1 тергөө абагы;
Асия Сасыкбаева — 20-декабрга чейин №1 тергөө абагы;
Айданбек Акматов — 20-декабрга чейин №1 тергөө абагы;
Чыңгыз Капаров — 20-декабрга чейин №1 тергөө абагы;
Айбек Бузурманкулов — 20-декабрга чейин №1 тергөө абагы;
Равшан Жээнбеков — 20-декабрга чейин №1 тергөө абагы.
Калгандары боюнча азырынча чечим чыга элек. Маалыматты Биринчи май райондук соту берди.