БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн Балыкчы — Кочкор — Кара-Кече темир жолунун курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, жыл соңуна чейин 5 чакырым жол салуу пландалууда, учурда 4,5 чакырым тилкесин түптөө иштери бүттү. Ал эми 3,7 чакырымга рельстер орнотулган. Мындан сырткары, чет жактан инвестиция тартуу боюнча да сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.
Жапаров талап кылынган сапат стандарттарын сактоо менен бирге иштин темпин басаңдатпоону тапшырганы айтылды.
Андан соң мамлекет башчы Кемин районундагы ишке киргизүүгө даярдалып жаткан темир жол шпалаларын чыгаруучу ишкананы көрүп чыккан. Курулуш ушул жылдын май айында башталган. Ноябрда бардык зарыл жабдууларды орнотуу иштерин бүткөрүп, декабрь айында жогорку сапаттагы шпалаларды чыгарып баштоо мерчемделген. Ал жерден айына алты-сегиз миң даана шпала чыгаруу пландалып жатат.
Ишкананын продукциясы ички рыноктун, анын ичинде Балыкчы — Кочкор — Кара-Кече темир жолунун курулушу учурунда шпалага болгон муктаждыкты жаба алат.
"Мурда өлкөдө темир жолдорду оңдоодо материалдар чет өлкөдөн алынып келсе, эми ата мекендик өндүрүштөгү шпалаларды колдонууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бул өз кезегинде баанын төмөндөшүн шарттайт. Ишкананын тышкы рынокко чыгуу, продукцияны үчүнчү өлкөлөргө экспорттоо планы бар", — деп айтылат маалыматта.
Президент долбоор ишке ашкан соң андан ары Жалал-Абад облусуна чейин темир жол салынарын билдирген. Ошондой эле Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу менен туташтыруу пландалып жатканын белгилеген.