Россиялык компания Кыргызстанда колдун протезин жасамай болду

Кеп 1,5 миллион долларлык инвестиция тууралуу болууда.
Sputnik
БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Кыргызстанда бионикалык кибер-кол, башкача айтканда, протез каражаттарын жасап чыгаруу боюнча макулдашууга кол коюлганын россиялык "Моторика" компаниясы кабарлады.
Келишимге 8-октябрда Ошто өткөн Кыргыз-россиялык инвестициялык форумда "Сколково" резиденти "Моторика", Россия-кыргыз өнүктүрүү фонду жана Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси ортосунда кол коюлган. Долбоорго 1,5 миллион долларга чейин инвестиция салынат.
1 / 4

Кыргызстанда бионикалык кибер-кол, башкача айтканда, протез каражаттарын жасап чыгаруу боюнча макулдашууга кол коюлганын россиялык "Моторика" компаниясы кабарлады

2 / 4

Келишимге 8-октябрда Ошто өткөн Кыргыз-россиялык инвестициялык форумда "Сколково" резиденти "Моторика", Россия-кыргыз өнүктүрүү фонду жана Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси ортосунда кол коюлган

3 / 4

Долбоорго 1,5 миллион долларга чейин инвестиция салынат

4 / 4

"Сколково" фондунун КМШ менен иштешүү жана аймактык өнүктүрүү боюнча вице-президенти Александр Окуневдин айтымында, "Моториканын" продукциясына бардык жерде суроо-талап күч

"Сколково" фондунун КМШ менен иштешүү жана аймактык өнүктүрүү боюнча вице-президенти Александр Окуневдин айтымында, "Моториканын" продукциясына бардык жерде суроо-талап күч.
Маалыматта компания Социалдык өнүктүрүү министрлигин өз продукциясы жана реабилитациялоо программасы менен тааныштырганы айтылат. Мындан тышкары, жергиликтүү ортопедиялык ишканалар үчүн семинар өткөргөн.
Натыйжада өкмөт жыл аягына чейин 26 баланы протез менен камсыздоо тапшырмасын берди. Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин маалыматы боюнча, ушу тапта Кыргызстанда 311 адам колдун протезине муктаж.
Радио
Эсенкожоев: Кыргызстанда биринчи жолу жынсы шым өндүрүшү ишке кирди