Радио

Исмаилов: өлкөдө рецепт менен берилүүчү дарылардын тизмеси кеңеет

Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаментинин стратегиялык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Исабек Исмаилов рецепт менен берилүүчү дарылардын тизмеси 100гө көбөйтүлөрүн айтты.
Sputnik
Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги рецепт боюнча берилүүчү дарылардын тизмесин кеңейтүүнү сунуштоодо. Документ коомдук талкууга коюлду. Учурда жумушчу топ түзүлүп, иш жүрүп жатат. Бул тууралуу Исабек Исмаилов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, психоактивдүү дарылардын рецепт менен берилиши "дарыкана наркоманиясын" алдын алат.
"Учурда тизмеде рецепт менен берилүүчү 38 дары бар. Саламаттык сактоо министрлиги өлкөгө көз карандылыкты пайда кылган жаңы дары-дармектер алып келингендиктен тизмени толуктоо керектигин белгилейт. Эгер бул каражаттар рецептсиз берилип, дозасы жок колдонулса, анда дары-дармекке уулануу, эӊ эле кооптуусу, комага түшүп калуу коркунучу бар. Тизме эми 100дөн ашык дарыга көбөйөт. Алар борбордук нерв системасына таасир этүүчү аралашмалар, эритмелер, эфир майлары, туз өӊдүү каражаттар", — деди Исмаилов.
Ал рецепт менен берилүүчү дары-дармектин тизмеси улам жаӊыртылып турарын кошумчалады.