Радио

Чотонова: "Карагыз" тасмасын алгач Кыргызстанда көрсөтүүгө тыюу салынган

Телережиссер жана киноактриса Гүлсина Чотонова чыгармачылык чөйрөдө биринчи ташталган кадам абдан чоң мааниге ээ экенин айтты.
Sputnik
Геннадий Базаров тарткан "Карагыз" тасмасын алгач Кыргызстанда көрсөтүүгө тыюу салынган. Бул тууралуу Гүлсина Чотонова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, "Карагыз" тасмасы "Мосфильм" киностудиясы аркылуу коомго тараган.
"Чыгармачылыкта биринчи кадам, долбоор, образ абдан чоң мааниге ээ. Анткени сен ошол образ менен элдин эсинде көпкө сакталышың мүмкүн. Менин кино чөйрөсүнө келүүмө кыргыз кереметин жаратуучулардын бири, режиссер Геннадий Базаровдун салымы өтө чоң. Ал адам менен чогуу иштешүү бактысына ээ болдум. Деги эле чыгармачылыкка жана жашоого болгон көз карашымдын өзгөрүшүнө Геннадий Базаров себепкер адамдардын бири болду. Кинонун ашканасына алп режиссер менен баш бакканыма сыймыктанам. "Карагыз" тасмасын алгач Кыргызстандын аймагында көрсөтүүгө тыюу салынып, кийин гана Россиядагы "Мосфильм" аркылуу коомго жайылды. Чыгармачылык жолдо алгачкы кадам өтө маанилүү болгондуктан азыркы кезде деле улуу муундагылардын арасынан "Карагыз" деп чакырып калгандары кездешет", — деди актриса.
Ал жан дүйнөсүнө психологияга байланышкан ролдорду жаратуу жакын экенин кошумчалады.