Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Путин атайын операциянын керектөөсүн тез арада камсыздоого тапшырма берди

Мамлекет башчы планда чыныгы кырдаалды болжолдоо керектигин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Атайын операциянын керектөөлөрү боюнча координациялык кеңештин иши бир жума жүрөт, бирок тийиштүү тапшырмалардын долбоорун тез арада даярдаш керек. Бул тууралуу Россия президенти Владимир Путин билдирди.
РИА Новости маалымдагандай, мамлекет башчы аскерлердин муктаждыгын камсыздоо боюнча өкмөттүк координациялык кеңештин жыйынында сүйлөгөн.
"Бул форматтагы иштер бир жума жасалат. Азыр координациялык кеңештин максаттуу тапшырмаларынын долбоору объективдүү себептерден улам даяр эмес. Бирок ошого карабай муну жакынкы аралыкта бүткөрүүңүздөрдү суранам", — деди Путин.
Ошондой эле ал чыныгы кырдаалды жана реалдуу керектөөлөрдү болжолдоо керектигин, андыктан план так-таасын болушу зарылдыгын белгилеген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
30 конгрессчи Ак үйдү Россия менен сүйлөшүүгө чакырды