Муфтият эки дос тууралуу мультфильм даярдап жарыялады

Нарын облусунун казыяты Жакшылык менен Жамандык аттуу эки достун окуясы тууралуу мультфильм даярдады. Аны Кыргызстандын муфтияты YouTube каналына жарыялады.
Sputnik
Сценарийде эки дос узак жолго чыкканда Жамандык кара санатайланып, Жакшылыкты алдап тамак-ашын, минген атын сойдуруп жейт. Аягында ал жөө калганда "эми мындан пайда жок" деп таштап качып кетет. Бирок Жакшылык орто жолдон олжо таап көп байлык чогултууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Мультфильм казак тилинен которулган.