Садыр Жапаровго модулдук үйлөрдүн артыкчылыгы тууралуу маалымат берилди

Мындай үйлөрдү ротация менен башка аймактарга которулган кызматкерлер үчүн куруу пландаштырылууда.
Sputnik
БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Балыкчы шаарындагы модулдук үйлөрдү чыгаруучу заманбап ишкананын ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.
1 / 4

Президент Садыр Жапаров Балыкчы шаарындагы модулдук үйлөрдү чыгаруучу заманбап ишкананын ишмердүүлүгү менен таанышты

2 / 4

Ишкананын өкүлдөрү курулушунда күйбөгөн, жылуулукту үнөмдөөчү жана экологиялык жактан таза материалдар колдонулган модулдук үйлөрдүн артыкчылыктары тууралуу маалымат беришкен

3 / 4

Алардын айтымында, белгилүү бир технология боюнча жасалган имарат 9 баллдан ашык сейсмикалык жүктөрдү көтөрө алат

4 / 4

Мамлекет башчы мындай практикалык жана арзан турак жайларды өлкөнүн бардык аймактарында, анын ичинде жетүүгө кыйын аймактарда каалаган мезгилде тезирээк курууга болорун белгилеген.

Ишкананын өкүлдөрү курулушунда күйбөгөн, жылуулукту үнөмдөөчү жана экологиялык жактан таза материалдар колдонулган модулдук үйлөрдүн артыкчылыктары тууралуу маалымат беришкен.
Алардын айтымында, белгилүү бир технология боюнча жасалган имарат 9 баллдан ашык сейсмикалык жүктөрдү көтөрө алат. Модулдар керектүү коммуникацияларды жана ички жасалгаларды камтыйт. Мындай үйлөрдүн ачкычын тапшырууга чейинки баасы базардагыдан бир топ төмөн. Ишкананын кубаттуулугу өндүрүлгөн тетиктерди экспорттоого да мүмкүндүк берет.
Мамлекет башчы мындай практикалык жана арзан турак жайларды өлкөнүн бардык аймактарында, анын ичинде жетүүгө кыйын аймактарда каалаган мезгилде тезирээк курууга болорун белгилеген.
Мындай модулдук үйлөрдү ротация менен которулган акимдер, судьялар жана башка мамлекеттик кызматкерлер үчүн куруу пландаштырылууда.
Садыр Жапаров темир жолдун жана шпала чыгарчу заводдун курулушун көрдү