БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Запорожье облусунун Мелитополь шаарындагы "ЗаТВ" телекомпаниясынын жанында жарылуу болду. Бул тууралуу РИА Новости шаар түзүмдөрүнө шилтеме берип кабарлады.
"Телекомпаниянын имаратынын жанында жарылуу болду", — деп айтып берген ал агенттикке.
Ал эми РИАнын Telegram-каналы жарылуудан кийинки видеону жарыялады.
Муну тастыктаган жергиликтүү бийлик окуяны теракт катары карап жатканын айтышты.
"Бизде болгон маалыматтарга таянсак, колдо жасалган жарылуучу затты иштетишкен", — деген "Мы вместе с Россией" кыймылынын төрагасы, Запорожье облусунун администрациясынын башкы кеңешинин мүчөсү Владимир Рогов.
Жарылуунун эпкини имараттын терезелерин талкалап, фасадынын бир бөлүгүн жулуп кеткен. Андан сырткары, объектинин сыртын каптаган материалдар да күбүлүп түшкөн. Окуя болгон жерде Ыкчам кызмат иштеп жатканы айтылды.
Рогов телекомпания ишин уланта берерин, Киев режиминин "элди туура жана объективдүү маалымат алуудан ажыратуу максаты ишке ашпай тургандыгын" айткан.
Коомдук палатанын мүчөсү Александр Малькевич өзүнүн Telegram-каналына терактыдан беш киши жабырлангандыгын, алардын ичинен "ЗаМедиа" холдингинин эки кызматкери жеңил жаракат алганын жазды. Алардын бири ооруканага жаткырылган.
Алдын ала берилген маалыматтарда, жардыргычтын кубаттуулугу бир жарымдан эки килограммга чейинки тротил эквивалентине жакын болгон. Россиянын Тергөө кызматы аталган окуя боюнча тергөө иштерин баштады.