Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Макрон Украинадагы абалдан улам Рим папасынан Путин менен сүйлөшүүнү өтүндү

Тараптар дүйшөмбүдө жолугуп, алардын сүйлөшүүсү 55 мүнөткө созулган.
Sputnik
БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Франция президенти Эммануэль Макрон Рим понтифиги Франциск менен жолугуп, андан Украинадагы кырдаалды жөнгө салуу үчүн РФ жана АКШ президенттери Владимир Путин жана Жо Байден менен сүйлөшүүнү өтүнгөнүн Point басылмасына таянып РИА Новости жазды.
Маалым болгондой, Рим папасы Франциск дүйшөмбү күнү Ватиканда Франция лидери Эммануэль Макронду кабыл алган. Тараптардын сүйлөшүүсү 55 мүнөткө созулганы айтылды.
Анда Макрон Рим папасынан Украинада тынчтык орнотууга жардам берүүнү суранган.
Эске салсак, Россия 24-февралдан бери Украинада атайын операциясын жүргүзүп жатат. Анын максаты сегиз жылдан бери Киев режими тарабынан геноцидге дуушар болгон адамдарды коргоо деп айтылууда.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
АКШ менен Украинанын түпкү максаты эки башка. Кимиси эмнени көздөйт?